Витамин С же организмде топтолбойт. Аны ошондуктан күн сайын тамак-аш менен алуу керек. Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунун адистери витамин Снин маанилүүлүгүн белгилеп, анын организмге тийгизген оң таасирин баса көрсөтүшкөн.
Витамин С организмде кандай иштейт:
иммунитетти көтөрөт;
жарааттарды, күйүктөрдү жана канаган тиш эттерин айыктырууга жардам берет;
операциялардан кийин бат айыгууга шарт түзөт;
кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтөт;
көптөгөн вирус жана бактериялык инфекциялардан коргойт;
табигый ич алдыруучу катары иштейт;
тромб пайда болуу мүмкүнчүлүгүн азайтат;
суук тийгенде дарылоого жардам берет.