Кылмыш ишинин алкагында улуттук коопсуздук органдары тарабынан «Шагыл-Кум Кереге-Таш» ЖЧКсынын жетекчиси З.Б.З. жер, кен жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен кум-шагыл аралашмасын жана чопо топуракты мыйзамсыз казып алууну уюштурганы аныкталды.
Натыйжада жерлердин бузулушу жана жараксыз абалга келтирилиши, ошондой эле бузулган жерлерди калыбына келтирүү боюнча каралган рекультивациялык иштердин жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу экологиялык талаптардын бузулушу орун алып, мамлекетке 5 513 904 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында кум-шагыл аралашмасын жана чопо топуракты мыйзамсыз казып алуунун ушул сыяктуу фактыларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.