УКМК Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата көзөмөлдү күчөттү

0

Уюшкан кылмыштуулукка каршы компрамиссиз күрөштүн алкагында КР УКМК Ысык-Көл облусунда масштабдуу ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрдү.

2026-жылдын 26-августунда УКМКга уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) активдүү мүчөлөрү катары ыкчам каттоодо турган бир катар адамдар жеткирилди.

Жеткирилген адамдар менен түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү. Башкармалыктын жетекчилиги кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүнө төмөндөгүлөргө жол берилбестиги тууралуу расмий эскертти:

• ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерди кайрадан жандандырууга;

• кылмыштуу чөйрө менен байланыштарды сактоого;

• «уурулар идеологиясы» деп аталган түшүнүктү жайылтууга жана үгүттөөгө.

КР УКМК баса белгилейт: жарандарга басым көрсөтүү, опузалап талап кылуу, шантаж кылуу же кылмыштуу салттарды кайра жандандыруу аракеттеринин баарына тез арада жана өтө катаал түрдө бөгөт коюлат. Мыйзам бузулган ар бир фактыга катуу укуктук баа берилип, күнөөлүү адамдар КРнын кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында жоопкерчиликтин эң жогорку чегине тартылат.

УКТлардын таасирин толугу менен жоюу, бизнести коргоо жана Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда жана мекеме жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.