Шакиранын Бишкектеги концерти 30 млн долларга жакын киреше алып келиши мүмкүн Кененирээк: https://24.kg/a/1029179
Белгилүү ырчы Шакиранын «Бишкек Аренадагы» концерти Кыргызстандын экономикасына 30 миллион долларга жакын пайда алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага 60 миңге чукул киши, анын ичинде 30 миң чет элдик турист келери күтүлүүдө. Болжолдуу эсептөөлөргө караганда, алардын ар бири билеттерге, жашай турган жерине, транспортко жана башка чыгымдарына орто эсеп менен 940 доллар сарпташат.
Эдуард Кубатов «Бишкек Арена» өлкөдөгү окуялык туризмдин борборуна айланарын белгиледи. Спорттук мелдештерден сырткары, бул аянтча маданий жана этномаданий фестивалдарды, анын ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, ошондой эле дүйнөлүк жылдыздардын концерттерин өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мамлекеттик агенттиктин башчысы баса белгилегендей, жылына 15-20 ири иш-чара өткөрүлүп турса, арена өзүнүн чыгымдарын беш-жети жылдын ичинде актай алат.
«Бишкек Арена» — бул жөн гана спорттук объект эмес, өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы баракчасын ачуу мүмкүнчүлүгү. Бир ири иш-чара 30 миллион долларга жакын пайда алып келиши мүмкүн», — деп белгиледи ал.
Эскерте кетсек, Шакиранын «Бишкек Аренадагы» концерти 18-октябрга пландаштырылган.