Болливуд жылдызы Риши Капур 30-апрель күнү залалдуу рак оорусунан улам көз жумду. Бул тууралуу The New York Times басылмасы маалымдады.
2018-жылы индус актёруна дарыгерлер “лейкемия менен жабыркайт” деп диогноз чыгарышкан. Ал АКШнын Нью-Йорк шаарына келип дарыланып, 2019-жылдын сентябрь айында туулуп-өскөн шаары Мумбайга кеткен.
Актёр 67 жашта болчу. Ал Болливуддагы үй-бүлөлүк династиянын жолун улантуучу болгон. Тагыраак айтканда, анын чоң атасы Притхвирадж Капур, атасы Радж Капур, бир туугандары Рандхир Капур жана Раджив Капур, анын баласы, жээндери баары тасмага тартылышкан. Ал эми Риши Капур кыргыз коомчулугуна «Пока я жив», «Слепая любовь», «Немного любви, немного магии», «Студент года», «Ты и я», «Бобби», «Огненный путь», «Любовь вчера и сегодня» жана «Амар, Акбар, Антони» сыяктуу тасмалары менен белгилүү.