УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиевге карата козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын ачыктады. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча соттолду.
УКМКдан билдиришкендей, Конгантиев күнөөсүн мойнуна алып, тергөөгө көмөктөшкөн.
Ошондой эле «Роял Констракшн» компаниясынын курулуп жаткан объектилеринен 6,5 миң чарчы метр турак жай жана коммерциялык жайды өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди. УКМКнын маалыматында айтылгандай, өткөрүлүп берилген мүлктүн базар баасы 15 млн доллар же 1 млрд 311 млн 750 миң сомго бааланган.
Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, Конгантиев Бишкек мэриясынын алдындагы жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын мүчөсү катары кызматтык ыйгарым укуктарын өзүнүн жана аффилирленген жактардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланган.
Конгантиев өзүнүн жакындарына жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугун берүү боюнча чечимдерди кабыл алууга демилге көтөргөн.
15-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Конгантиевди кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен күнөөлүү деп таап, 500 миң сом өлчөмүндө айып пул салган.