Бишкекте токко урунган бала каза болгондон кийин кылмыш иши козголду

0
Бишкекте электр тогуна урунган тогуз жаштагы Ибрахим Анарбеков каза болгондон кийин кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси («Тоо-кен, курулуш же башка иштерди жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу») боюнча иш козголгон. Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алынары кошумчаланды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.