2026-жылдын 18-19-20-сентябрь күндөрү Белес эс алуу жайында быйыл 36-ирет эл аралык “Өрүкзар» фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруу тобу билдирди.
“Өрүкзар” фестивалын өткөрүүнүн ЖОБОСУ
Президентибиздин “Уңгу жол, Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концепциясынын алкагында 18-19-20-сентябрь күндөрү «Белес» эс алуу жайында быйыл 36-ирет эл аралык “Өрүкзар фестивалы” өткөрүлөт. Башталышында Кыргыз Республикасынын Баатыры, КР эл акыны Сооронбай Жусуев, Эмгек баатыры, эл аралык Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты Түмөнбай Байзаков, бүгункү КР эл акын-жазуучулары: Сүйөркул Тургунбаев, Мелис Абакиров, Анатай Өмүрканов, Эгемберди Эрматов, Орозбай Көчкөнов, Маркабай Ааматов, Карбалас Бакировдор баштаган 10 акын-жазуучуларыбыз ак бата ыроологон “Өрүкзар” фестивалыбыз быйылкы жылы да улуттук нарк-насил, адабият менен маданиятты аздектеген адамдар арасында жаңы жүз, үн менен улантылмакчы.
ЖОБОНУН НЕГИЗГИ ШАРТ, ТАРТИБИ
Бул саамалык Алтын Бешик аймагынын бренди ажайып өрүкзарларыбызды, адамдык асыл туйгуларды, турмуштун ургалдуу күү-шаа көрүнүштөрүн, көркөм табылгалар менен даңазалоо, вазийпасы ар бир инсанда чыныгы мекенчилдиктин рухун өстүрүп, көкөлөтүүнү көздөгөндүгү менен баалуу.
1. Он беттен ашпаган ырлар, поэма, үчүн “Өрүкзар – назымы” диплом, тастыктама, акчалай сыйлык.
2. Он беттен ашпаган аңгеме, публицистика үчүн “Өрүкзар – насыры” диплом, тастыктама, акчалай сыйлык.
3. Мыкты элет турмушун чагылдырган кыска метраждуу тасмасы үчүн “Өрүкзар – тасмасы” диплом, тастыктама, акчалай сыйлык.
4. Эң мыкты картиналарды жараткан сүрөткер үчүн “Өрүкзар – кыл калеми” диплом, тастыктама, акчалай сыйлык.
5. Мыкты обон жаратуучулар үчүн “Өрүкзар – кайрыгы” диплом, тастыктама, акчалай сыйлык.
(Акчалай сыйлык “Өрүкзар” фестивалы коомдук фондун мүмкүнчүлүгүнө жараша белгиленет).
6. “Өрүкзар” фестивалынын баш байгеси калыстар эң мыкты деп тапкан 1 (бир) чыгармачыл инсанга ыйгарылат. Лауреаттык төш белги, статуетка, диплом, тастыктама, акчалай сыйлык.
7. “ Талантка таазим” девизинде кыргыз, түрк, казак, өзбек, азербайджан тилдеринде мыкты акындардын ырлары 17 жашка чейинки 7 таланттар тарабынан көркөм окуу сынагы да бааланат.
8. Мартабалуу мааракеге коңшулаш Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан Республикаларынан, Бишкек жана Ош шаарларынан да ардактуу меймандарды (акын-жазуучулар, журналисттер, маданият кызматкерлери ж.б.) чакыруу мерчемделген.
9. Фестивалдын фондуна түшкөн ар бир автордун эмгегине кара кылды как жарган 11(он бир) адамдан турган калыстар тобу баа берүүнү жүргүзүшөт. Материалдар электрондук вариантта 10-сентябрга чейин калыстарга жөнөтүлүшү шарт.
10. Жобо тексти сынак катышуучуларына материалдарды жөнөтүү дареги “Ата Журт –Лейлек” маалыматтык газетасына, “Ала –Тоо” журналына, борбордук басылмаларга, мобилдик сайттарга жарыяланып, башкы калыс телефондук номери *996 507-351-414; 0778-225-445 жана электрондук почтасы akbar.atantai@mail.ru
11. Өрүкзар фествалын өткөрүүгө КР нын Министирлер Кабинети, ТүркСОЙ эл аралык уюуму, Маданият, маалымат жана жаштар министирлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу, Лейлек райондук мамлекеттик админстрациясы, ал эми быйылкы жылдын баш демилгечиси болуп Сүлуктү шаар мериясы демөөрчүлүк кылышууда. Фествалды “Кызыл өрүк” коомдук бирикмеси да биз менен биргелешип өткөрмөкчү.
Эскертүү: Сынакка коюлган ыр, поэма, аңгеме публицистка, тасма, көркөм сүрөттөрдүн жана обондуу ырлардын жаңычылдыгына, актуалдуулугуна, (мурда эч бир басма сөзгө интернет сайттарында жана социалдык желелерге жарыяланбагандыгына сыналгы, үналгы аркылуу көрсөтүлүп уктурулбагандыгына) артыкчылык берилет. Авторлордун жаш өзгөчөлүгү чектелбейт.