Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 30-июлда Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +16… +21, күндүз +32… +37;
- Талас жергесинде түнкүсүн +12… +17, күндүз +30… +35;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18… +23, күндүз +34… +39;
- Нарын аймагында түнкүсүн +9… +14, күндүз +27… +32;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11… +16, күндүз +26… +31;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +18… +20, күндүз +34… +36 градус болот.