Кыргызстандын дзюдочулар Азия чемпионатын төрт медаль менен жыйынтыктады

0

Кыргызстандык спортчулар Иорданияда өткөн жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпионатында 4 медаль утту.

20 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнир Амман шаарында 18-19-июлда өттү.

Жалпысынан эркектер жана кыз-келиндер арасында 14 медаль ойнотулуп, алар үчүн Кыргызстандан барган 17 спортчу ат салышты.

Кыргызстандыктар 4 медаль — 2 күмүш жана 2 коло медаль багындырды.

Данияр Мелисов — күмүш медаль;

Жанар Жолдошева — күмүш медаль;

Даут Полтушев — коло байге;

Илья Сахинин — коло байге.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.