32 жаштагы Айбек Шамшидин уулу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Тиешелүү чечим 18-июлда Бишкекте федерациянын курултайында кабыл алынды.
Федерациянын маалыматына ылайык, курултайга 100дөн ашуун делегат катышты. Алардын арасында спорт ардагерлери, оюнчулар, машыктыруучулар, калыстар, аймактык федерациялардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары болду.
Жыйында федерациянын мурдагы президенти Акылбек Эшимовдун башка жооптуу кызматка дайындалганына байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу арызы каралып, канааттандырылган.
Акылбек Эшимов быйыл февралда аталган федерацияга президент болуп шайланган.
Июль айынын башында Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы Акылбек Эшимов Кыргыз этноспорт ассоциациясынын президенти болуп дайындалганын билдирген.
Айбек Шамшидин уулу буга чейин «Достук» көк бөрү командасын жетектеп келген.