Мээрим Жуманазарова Венгриядагы рейтингдик мелдеште күмүш медаль тагынды

0

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Венгрияда өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирдин финалында Кытайдан келген балбанга жеңилип, күмүш медаль жеңип алды.

Ал 68 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Алгач Мээрим Германиядан келген балбанды жеңип, андан соң Казакстандын спортчусун таза жеңиш менен утту.

Чейрек финалда ал 2024-жылдагы 20 жашка чейинкилер арасындагы Европа чемпиону болгон россиялык балбан менен беттешип, ишенимдүү жеңишке жетип, жарым финалга чыкты.

Финалга жолдомо үчүн өткөн беттеште Жуманазарова Венгриянын балбаны менен күрөшүп, 3:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Ал эми финалдык таймашта кыргызстандык балбан учурдагы Азия чемпиону жана 2024-жылдагы дүйнө чемпиону кытайлык Цзя Лунга жеңилип, мелдешти күмүш медаль менен жыйынтыктады.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.