Кыргызстандык спортчу Анастасия Степанова Иорданияда өткөн дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында 2-орунду ээледи.
18 жашка чейинки спортчу кыздар арасындагы мелдеш 16-июлда Амман шаарында башталды.
Степанова 48 кг чейинки салмак даражасында күчүн сынашты. Бул салмакта жалпысынан 10 спортчу кыз катталган.
Кыргызстандык спортчу мелдештин чейрек финалынан баштап, алгач иорданиялык Худу Вшахты жеңсе, жарым финалда Индиядан келген Дивья Лагхаравай Маквананы утту.
Ал эми чечүүчү финалдык беттеште Степанова Өзбекстандын өкүлү Чарос Хикматовага жеңилди.
Жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.