Гүлнура Таштанбекова Венгриядагы турнирде коло медаль тагынды

0

Венгрияда өтүп жаткан рейтингдик мелдеште кыргыз балбаны Гүлнура Таштанбекова коло медалдын ээси болду.

Будапешт шаарында өтүп жаткан турнирде Таштанбекова 65 килограмм салмакта күч сынашты.

Ал алгачкы беттешинде швециялык Агнес Нюгренди 12:2 эсебинде жеңди. Жарым финалда америкалык Женнифер Пейдж Роджерске утулуп калды. Ал эми коло медаль үчүн беттеште чилилик Вирджиния Хименес Фернандести 8:2 эсебинде жеңди.

 

 

 

Get real time updates directly on you device, subscribe now.