Мээрим Жуманазарова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 5-орунга көтөрүлдү.
19-июлда аяктаган Венгриядагы турнирдин жыйынтыгы боюнча жаңыртылган рейтинг түзүлдү.
Будапешттеги турнирде кыргызстандык спортчу 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болгон. Бул натыйжа ага кайрадан дүйнөлүк рейтингдин ТОП-5ине кайтып келүүгө жардам берди.
