Туура. Биз, медицина эбак эле таш талканы чыгып калганын он жылдап какшап айтып келатабыз!
Бирок, 30 жолу алмашкан өкмөт, 6 жолу чакырылган Жогорку кеңеш депутаттары, 4 жолу алмашкан мамлекет жетекчилери, ошол нерсени көргүсү, уккусу келбей, билмексен болуп башын кумга катып, бийлик талашуу менен гана алек болушту!
Тилеке каршы бүгүн да эч нерсе өзгөргөн жок. Ден соолук болбосо чексиз бийлигиң да, чириген байлыгың да өлүмдөн сактай албасын, тирүүлүктүн баасын түшүнгөн адам дале болсо аз.
Оба, ошентип медицинанын шалтурук акыбалын коронавирус ачыктады. Миңдеген, жүзмиңдеген жарандарыбыз жабыркап алдыда элибизди дагы чоң апаат күтүп түрат. Өкүнүчтүүсү биз ага даяр эмеспиз!
Sign in