Шайлоо биринчи жолу шаршемби күнү — 27-январда өтөт. Бул чечим шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун көбөйтүү максатында кабыл алынганын Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. 27-январь жумуш күнү болот. Шайлоо участогуна барып, добуш берген жарандарга эмгек акысы төлөнөт. Ал эми добуш берүүгө катышпагандарга эмгек акы эсептелбей турганын айтты.
Марлен Маматалиев ошондой эле добуш берүүгө катышуу-катышпоо боюнча маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын тизмелери аркылуу аныктоого болорун белгиледи.
Бул өз кезегинде келечектеги пенсиянын көлөмүнө да таасир этиши мүмкүн экендигине да токтолуп өттү.
Sign in