
Орусияда коронавирус жугузуп алгандар тынбай көбөйүп жатат.
Жалпы ооругандардын саны 110 миңден ашты, коронавирустан көз жумгандар 1200гө чукулдады.
Ал арада Кремль Михаил Мишустин премьер-министрлик кызматтан кетиши мүмкүн деген маалыматтарды четке какты. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «РИА-Новости» маалымат агенттигине комментарий берип жатып, “бул сандырактык” деп айтты.
Михаил Мишустин коронавирус жугузуп алганы 30-апрелде белгилүү болду. Ал өзүн обочолоп, кызматтык милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлдү.
Буга чейин орус Мамлекеттик Думасынын эки депутаты да жаңы вирусту жуктуруп алганы ырасталган.