АКШ бийлиги чет элдиктердин 175 миңден ашык визасын жокко чыгарды

0

АКШнын Мамлекеттик департаменти чет элдик жарандардын 175 миңден ашык визасын жокко чыгарды, деп маалымдады «Reuters».

Кимдердин визасы жокко чыкты:

  • визанын шарттарын бузгандар,
  • кылмыш жасагандар,
  • АКШ жарандарына карата зомбулукка үндөгөндөр,
  • алдамчылыкка баргандар,
  • иммиграциялык системаны кыянаттык менен пайдалангандар,
  • улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргендер.

Өлкөнүн мындай кадамга баруусуна кол салуулар, мас абалында унаа башкаруу, ошондой эле уурулук жана баңгизатка байланыштуу кылмыштар түрткү болду. Мындан тышкары, АКШнын Түндүк Африкадагы элчилиги «төрөт туризми» менен алектенген ата-энелердин 100дөн ашык визасын, ошондой эле консервативдүү активист Чарли Кирктин өлтүрүлүшүн «майрамдаган» чет элдик бир нече жарандын визасын жокко чыгарды.

Январь айында Мамлекеттик департамент 100 миңден ашык виза жокко чыгарылгандыгын кабарлаган. Бул көрсөткүч 2024-жылы мурдагы президент Жо Байдендин тушунда жокко чыгарылган визалардын санынан эки эсе көп болгон.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.