Токмок шаарында жер төлөгө камалган делген келиндин окуясы көзөмөлгө алынып жатат. Бул тууралуу Токмок шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы билдирди.
Буга чейин Токмок шаарынын жашоочусу милицияга кайрылып, күйөөсүнүн жана анын жакындарынын үстүнөн арыз жазганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген болчу.
Жабырлануучу — 19 жаштагы Г.Ш.нын айтымында, 2019-жылы ноябрь айында 28 жаштагы М.Р.ге турмушка чыккан. Кайын энеси жана кайын сиңдиси менен чогуу жашашат. Алар келинди сабап, бир нече саатка жер төлөгө камап коюшкан.
«11-августта аталган келинди кайын сиңдиси себепсиз чаап жиберген. Ал үйдөн качып чыгып, милицияга кайрылган. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында келин жеңил жаракат алганы белгилүү болду.
Өз кезегинде келиндин кайын энеси менен кайын сиңдиси аны ур-токмокко албаганын билдирди. Жабырлануучунун күйөөсүнүн айтымында, июль айынын ортосунда аялы экөө урушуп, аны сабаган. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.
Булак Турмуш кж
Sign in