«Абышкам аркы дүйнөгө жөнөй берсинчи»: Ак-Талаадагы медайымга кемпирден түшкөн сунуш

0

 Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылынын тургуну Айтбүбү Сатыбалдиева 30 жылдан бери дарыгерлик кесипти аркалап келүүдө. Эмчи айым менен аймактык кабарчы маектешти.

Айтбүбү Сатыбалдиева 1970-жылдын 1-декабрь күнү Кара-Бүргөн айылында туулган. 1978-1988-жылдары аталган айылдагы орто мектепте билим алган. 1988-1990-жылдары Бишкектеги медициналык окуу жайында билим алып, фельдшер-лаборант кесибине ээ болгон. 1990-1993-жылдары Ак-Талаадагы ооруканага караштуу химиялык лабораторияда лаборант, 1993-2001-жылдары Терек айылдык фельдшердик-акушердик пунктунда эмчи айым, 2001-2008-жылдары айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмчи айымы болуп иштеген. 2008-жылдан бери айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы эмчи айымы кызматын аркалап келе жатат. Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

Музыкант болом дечүмүн

Медицина кызматкери болом деп эч качан ойлогон эмесмин. Ал кезде 10-классты бүткөн соң күбөлүктөрдү кечиктирип берчү. Анткени, өндүрүштүк топ деп мектеп бүтүрүүчүлөрүн ар кандай чарбалык иштерге иштетүүгө алып калышчу. Мектепте окуп жүргөн кезде музыка мугалими Бүбалима Олпоңбаева уюштурган комуз ийримине катышып жүрчүмүн. Ошондон улам музыка мугалими болууну кыялданчумун. Ошентип, ата-энемдин кийлигишүүсү менен окууга кеттим. В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтуна бардым. Сынакка кирсем карыган адам отуруптур. Ал киши: «Эмне максат менен бул жакка келдиң?» деди. Мен: «Музыка мугалими болуу үчүн» дедим. Менин үнүмдү текшерип, комуз күүлөтүп көрүп, ноталарды сурады. Бүбалима эженин көрсөтүп бергени боюнча комуз күүлөдүм. Бирок ноталар боюнча жооп бере алган жокмун. Анан ал агай: «Кызым, үнүң жакшы ачыла экен, кийинки жылы кел» деп койду. Өтпөй калганыма ызаланып чыгып кеттим. Сыртта байкем бар болчу. Ага барып, «болду мен мындан кийин комуз чертпейм, окууга өткөрбөй коюшту» деп ыйлактап кирдим. Байкем: «Ой, ага эмнеге ыйлайсың, бул окуу болбосо башкасы бар» деп мени ээрчитип алып башка окуу жайга алып жөнөдү. Ал жакка документтерди тапшырып, экзаменге кирип, өтүп кеттим. Чындыгын айтканда ызам менен кайсы окуу жай, кайсы кесип экенин билген жокмун. Окуп баштаганда гана медицина тармагына кызыгуум артып калды.

Эмгек стажым 30 жыл

Окууну бүтүп, райондук санитардык-эпидемиологиялык борбордо практикада жүргөн кезим эле. Ооруканада иштеген бир эженин үйлөнөм деп жүргөн иниси бар экен. Мен жөнүндө инисине билдирип, мени аны тааныштырып, ошентип турмушка чыгып калдым. Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 30 жыл болду. Эмгек жолума дагы 30 жыл толду. Эмгегимдин арты менен райондук, облустук жана башка мамлекеттик сыйлыктарга ээ болдум. Эң негизги сыйлыгым дагы, сыймыгым дагы — элдин батасы болду десем жаңылышпайм.

Эстен кеткис окуялар

Жумушта көп эле окуяларга туш болобуз. Бейтаптар менен пикир келишпестиктер болот. Ар бир бейтап менен ар кандай ыкмада иштөөгө туура келет. Айрым бейтаптарды катуурак тилдеп түшүндүрсөк, айрымдарына жумшак мамиле кылабыз.

Бир жолу таңкалычтуу окуя болду. Бир карыя адам ооруп төшөктө жатчу. Ага күн сайын барып ийне сайып, дары-дармегин берип турчу элем. Адаттагыдай эле ийне саюуга үйүнө барсам, карыянын байбичеси: «Кызым, кечке эле ийне сайып кыйнай бербечи, абышкам деле кыйналып бүттү. Аркы дүйнөгө жөнөй берсинчи. Сен ийне сайып кармап жатасың» деди. Анан мен: «Жок апа, мен андай мааниде сайган жокмун. Дарыгерлердин көрсөтмөсү менен сайып жатам» десем, «ошентсе деле сайбай эле койчу» деди. «Эми 3 күндүк эле ийнеси калды. Сайып коёюн» деген ой менен апага кайрылып «ой апа, ансыз деле 3 күнү эле калыптыр» дедим. Ошентип ийне сайдырбай койду. Туптуура 3 күндөн кийин баягы абышка каза болуп калды. Көз көрсөтүүгө бардым. Мени менен тең кызы бар эле. Ага жолугуп, кайрат айтып, сүйлөшүп отуруп калдык. Бир убакта ал: «Атам байкуш аябай кыйналып кетти. Сен деле билип, 3 күндүк эле жашоосу калды деп айткан экенсиң» десе, мен ошол жерден эле оозум ачылып, таңкалып эле калдым. Көрсө, байкуш апа: «3 күндүк эле ийнеси калды» деп айтканымды, «3 күндүк эле жашоосу калды» деп түшүнүп алып, балдар-кыздарына айтып коюптур.

Негизи кош бойлуу келиндерди үйүндө төрөтүүгө жол берилбейт. Бирок айрым учурларда кээ бир келиндердин кенебестигинен улам үйүнөн төрөт кабыл алабыз. Бул үчүн жетекчиликтен тил угабыз. Бир жолу кош бойлуу келинди текшерип, «1 жума ичинде төрөйсүң. Райондук төрөт бөлүмүнө барып жат» деп жолдомо бердим. 2 күн өткөндөн кийин эле баягы келин толготуп жатат деп чакыртышты. Үйүнө барып, тез жардам унаасын чакырайын десем ал келин: «Чакырбай эле коюңуз, төрөгөнү калдым» деди. Өзү толготуп жатса, аны кантип тилдейсиң. «Мейли» деп эле үйүндө төрөтүүгө туура келди. Аман-эсен көз жарып алган соң, ымыркайды ороп-чулгап алып райондун борборуна жеткирип бардым. Ал келинге «эмне үчүн төрөт бөлүмүнө кеткен жоксуң? Эми сен үчүн мен тил угам» деп суроо салдым. Анда ал келин: «Ооруканага жатууга халатым жана башка майда-чүйдөлөрүм жок эле. Базар күнүн күтүп калдым. Базарга барып даярданып алып, анан төрөйүн дегем» деди. Ошентип, айдын аягында жетекчилик коллегиялык отурум өтүп, мени «үйдөн төрөт кабыл алган» деп ортого салып тилдешти. Эми иш деген иш экен. Ушинтип кээде жоопкерчиликсиз, кенебестик кылган келиндердин айынан тил уккан күндөрүбүз дагы болот.

Булак Турмуш кg

Get real time updates directly on you device, subscribe now.