БАЛБАК ТҮЛӨБАЕВ: “КАРА ТҮТҮН БОЮНЧА ШААРДЫКТАРЫБЫЗДЫН БИЗГЕ БЕРГЕН ЭСКЕРТҮҮЛӨРҮН КАБЫЛ АЛДЫМ”

0

Бүгүн 18-декабрда Бишкекте жаш активисттер абанын булганышына каршы “Тынчтык маршын” жасады.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул нааразылык акциясына чыккандар боюнча өз пикирин билдирди.
“Мен бүгүнкү “Тынчтык маршы” боюнча элдин, шаардыктардын оюн уктум, алардын пикири, айта турган мүдөөлөрү мага жетти. Кара түтүн (смог) жана полигон боюнча шаардыктарыбыздын бизге берген эскертүүлөрүн мен өтө терең баалайм жана кабыл алам. Ушундан улам, келээрки жумада, таштанды полигону жана кара түтүн боюнча мен өз оюмду түз эфирде билдирем“,- деди Балбак Түлөбаев.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.