Беш айлык наристемди колго алып, үчөөбүз биротоло кетип бара жаткан күйөөмдү карап турдук

0

— Кетем дейсиңби?

 — Ооба, мен башканы сүйөм. Сага да түнү менен чуулап ыйлаган балдарыңа да тойдум!

— Бирок, алар өзүңүн каныңан жаралган балдарың эмеспи? Кипкичинекей кылып кандай таштап кетмекчисиң!

 — Болду, кетчи эй мындай! Башка аялдар сыяктуу сулуу да эмессиң! Кебетеңи кара…! Былчыйып…..! — Уулубуздун өмүргө келгени кече гана го? Кичине чоңойсо, арыктап мурдагы калбыма келемин……- аялы карек толгон көз жашын сүрттү. — Кетем дедимби, кетем болду! Тур мындай!- деп бакырды да, аялын бар күчү менен итерип жиберди. Жерге кулаган апасынын жанына 2 жаштагы уулу үрпөйүп жүгүрүп келди. — Жакшы, кетсең кет! Сенсиз да бирдеме кылып өмүр сүрөөрбүз. Бирок эсиңе сакта. Кеттиңби, экинчи кайрылып келбе! — деди аялы ордунан туруп жатып. Ошентти да 5 айлык наристесин колуна алып, үчөө кетип бараткан аталарынын соңунан карап турду….

 — Алло? Азыр келем! Келе жатамын дедим го, не болду анча? — деп ачуулана жооп берди трубканын ар жагындагы аялга 30 жаштагы жигит…. *** 5 жыл өттү. «Канымды ичип бүттү мына катын, саал дем алып кайтпасам, үйгө такыр баргым келбей калды!»…. Паркта отурган анын көзү бир убакытта оюнчук ойноп отурган уул балага түштү. «Менин балдарымын алдары кандай экен? Өсүп калышкан болоор? Бир ирет да кабар албадым…?» Дал ушул кезде жакын жерден  жанына эки уул бала ээрчиткен аккуба келинчек келе жатты. Жүзү тааныш. Чочуп кетти. «Бул ошол го. Мурунку аялы..» Ошентти да жанына жетип барды.

 — Кандайсың? — Саламатсызбы? — Силерди көргөнүмө ушундай кубанычтамын. Менин уулдарымбы? — Ал эми маңыздуу эмес. — Мен…мен…. — Эч нерсе айтпа! Сен ошондо баарын айтып кеткенсиң! Бирдеме дегиче, капыстан эки уулу «аталап» ана жакта келе жаткан эр адамга карай жүгүрө жөнөштү. Экөөн бирдей көтөрүп алган ана эр адам булардын жанына келди да, сулуу аялдын бетинен өөп амандашты. — Жаным, таанышыңбы? — Жок, тааныбаймын, дүкөн таппай жүрөт экен,- деди аял. Анын арасында 7 жаштагы уулу: — Байке, дүкөн анаа жакта,- деп колу менен алысты көрсөтүп. — Рахмат…- деди бул үнсүз. Көзү жашка толуп, тамагы мууна түштү. Төртөөнүн соңунан узаак карап турду….. Өзүнүн канынан жаралган, тууган уулдары. Жакын турса да алыс, бир-бирине ошондой бөтөн…..

Б.Дүйшөбаева

Osmon.media

Get real time updates directly on you device, subscribe now.