Бишкекте 101 розаны көтөрүп качкан жигит изделүүдө

0

Беткап жана капюшон кийген жигит Бишкектеги гүл дүкөндөрдүн биринен кызыл роза гүлдестени көтөрүп качты. Окуянын видеосун жабыркаган тарап Инстаграм тармагына чыгарды. Тасмада көрүнүп тургандай, жигит гүл өстүрүүчү менен кыска сүйлөшүүдөн кийин, столдун үстүнөн бирөөнүн гүлдестесин көтөрүп качкан. 

Ууруну кармап калууга жетишкен эмес, себеби жигитти сыртта такси күтүп турган.

“Жигиттин адептүүлүгүнө үмүттөнүп, нөөмөт аяктаганга чейин төлөп кетет деп күттүк, бирок кечинде да, эртеси дагы ал келген жок. Азыр 1 айга жакындап калды. Натыйжада, биздин салондун ээси бул видеону жарыялоо менен жигитке акыркы мүмкүнчүлүктү берүүнү чечти”, – деп жазылат жарыяда.

Салондун өкүлдөрү акыркы эскертүү менен букет гүлүн уурдаган жигитке дагы кайрылышты. ⠀

«Эгерде сиз бизге 3 күндүн ичинде келип, гүлдесте баасын төлөбөсөңүз, анда биз укук коргоо органдарына кайрылабыз. Эркекче келиңиз жана гүлдестенин айынан жашооңузду бузбаңыз», – деп жазат.

Булак Аргумент

Get real time updates directly on you device, subscribe now.