Бишкек шаарынын кире беришине бир нече блокпосттор орнотулду. Алар кайсы жерге коюлду?

1

 Бишкек шаарынын кире беришине бир нече блокпосттор коюлганын республикалык штабдан кабарлашты. 

Шаардын кире бериш жайларында 16 көзөмөл-санитардык пункт орнотулду. Посттордо калаага кирип жаткан адамдардын температурасы текшерилип, коронавирус жана ОРВИге шектенүү болгон учурда медкызматкерлер обсервацияга жөнөтүүгө же экспресс, ПЧР-тест алууга укуктуу.

Төмөнкү аймактарга блокпосттор коюлду:

1. «Азамат» унаа базары – Айланма жол;

2. Айланма жол/ «Фрунзе» чарбысы;

3. Васильевский тракт/ Айланма жол («Ак-Жол»);

4. Пригородное а. – Айланма жол;

5. Айланма жол – Маевка а. (тегеренме жол);

6. Айланма жол – Тендик калктуу конушу;

7. Айланма жол – Киргизия көч. (Ала-Арча);

8. Айланма жол – Келечек калктуу конушу;

9. Айланма жол – Дордой;

10. Айланма жол – Ибраимов көч;

11. Айланма жол – Алма-Ата көч.;

12. Айланма жол – ГЭС-5 (тегеренме жол);

13. Жибек Жолу проспектиси – Киргшелк;

14. Кара-Жыгач жана Сары-Жоон айылдарынын ортосундагы жол;

15. Горная Маевка а. жолу 16. Кызыл-Туу жана Маловодное айылдарынын ортосундагы жол

Get real time updates directly on you device, subscribe now.