Америкалык Sorrento Therapeutics биофармациялык компаниясынын окумуштуулары коронавирустун 100 пайызын бөгөп турган антитело табышкан. Бул тууралуу Fox News билдирди.
Маалыматка ылайык, адистер миллиарддаган антителолорду анализдеп, алардын арасында коронавируска таасир эте турган жүздөгөндөрүн табышкан. Изилдөөлдөөлөр көрсөткөндөй алар коронавирустан 100% коргой алат.
Белгилүү болгондой, вирусту “каптап”, төрт күн ичинде денеден чыгарып салганы белгиленди. “Бул эффективдүү дары. Жана ал чындап дарыялай алат” деп билдирген Sorrento Therapeutics негиздөөчүсү, доктор Генри Жи.
Азырынча сыноолор лабораториялык шарттарда гана жүргүзүлүп келет, ошондуктан компания дары-дармек чыгарууга уруксат ала элек.
Доктор Жи бул дары менен бардык өлкөлөрдө карантинди алып салууга болот деп белгиледи.