Жаштардын үмүтү жанданды

0

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров бүгүн жаштар менен жолугушуу өткөрдү. Жаштардын үмүт оту жанданды. Форумдун талапкери Нурсултан Кубанов форум тууралуу ой бөлүштү. «Жаңы-жылды жаңы идеялар менен баштадык. Бүгүн «Кыялымдагы келечек» форумуна спикер катары катыштым. Форумдун алкагында бир жылдан бери иштеп жүргөн «Innovation Bishkek IT Hub» ири долбоорубуз боюнча презентация кылып, өз сунуштарымды берип өттүм. Эң негизги сунуш катары, атайын президенттин алдында реформалар үчүн блок же кеңеш түзүлүшү мезгилдин талабы катары көргөздүм.Эч саясатташтырбагыла, бүгүнкү аянтчага бир гана жаратман жаштардын идеяларынын алкагында талкуу болду. Ар бирибиз өзүбүздүн сунуштарыбызды айттык, калганын убакыт көрсөтөт. Мен Кыргызстандын жана балдарымдын келечеги үчүн күрөшкүм келет, буйурса баары жакшы болот.»

Get real time updates directly on you device, subscribe now.