Жол кырсыкка учураган айдоочуну ооруканага алып бара жаткан тез жардам унаасы жол кырсыгына учурады. Маалыматты Ош шаардык ЖКККБнын басма сөз катчысы Рашид Сыдыков тастыктады.
Анын айтымында, аталган жол кырсыгынан улам жаракат алган тез жардам кызматынын эки кызматкери Ош шаардык ооруканага жеткирилген.
«Кечээ, 20-августта Курманжан датка көчөсүндө тез жардам унаасы менен Чапаев көчөсүнөн чыга калган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышкан. Тез жардам унаасы жол кырсыгына учураган айдоочуну ооруканага алып бара жатканы маалым болду. Кырсыктын кесепетинен тез жардам унаасындагы эки кызматкер жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда бул боюнча тергөө иштери уланып жатат», — деди Рашид Сыдыков.