Казакстандан келген 12 жаштагы өспүрүм Караколдогу тоо лыжа базасында
кырсыктап каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер
башкармалыгынан билдиришти.
Бүгүн, 12-январда болжол менен саат 15:00дө 12 жаштагы бала лыжа тээп баратып,
арчаны сүзүп алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бала алган жаракатынан
улам окуя болгон жерде көз жумган.
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткен. Милиция кызматкерлери
бардык материалдарды чогултууда.
Учурда баланын сөөгүн облустук ооруканага соттук-медициналык экспертиза
жүргүзүү үчүн тоодон түшүрүшүүдө.