Кадыр КОШАЛИЕВ: «Курултай бийликти узурпациялап алууга жол бербейт»

0

«Жаңы Конституция кабыл алынса эле Ханституция орнойт» деп кооптонбой койсоңор болот. Себеби, Садыр Жапаров андайга жол бербесин, адилеттүү башкаруу орнотоорун айтып жатат»Президенттик шайлоого 6 күн калды. 10-январда шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум да өтөт. Бул күнү кыргызстандыктар өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт. Жаңы Конституция боюнча Кадыр Кошалиев оюн мындай деп билдириптир:- Кабыл алына турган Конституцияга Элдик курултай институтунун кириши менен баланс сакталат. Ханституцияга, өзүм билемдикке жол берилбейт. Себеби, Садыр Жапаров өзү да андайга жол бербесин, адилеттүү башкаруу орнотоорун айтып жатат. Ошон үчүн «жаңы Конституция кабыл алынса эле Ханституция орнойт» деп кооптонбой койсоңор деле болот. Буюрса, жаңы Конституция кабыл алынса, Элдик курултай институтунун кириши менен бийлик бутактарынын баары жыл сайын элге отчёт берип турат. Тагырагы, курултай бийликти узурпациялап алууга жол бербейт, Тескерисинче, курултай баланс болуп, Курултай институту президенттин өз билемдикке жол бербөөсүнө кепилдик боло алат.»

Get real time updates directly on you device, subscribe now.