Эркин Адылов – кыргызстандык мультимиллионер. Ал адамдардын кесиптик деңгээлин аныктап, анализдөө менен алектенген Behavox компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Behavox – бул электрондук жана үн байланышын көзөмөлдөөчү жана сактоочу табигый тилдеги алгоритмдерди жана маалымат көлдөрүн башкарган стартап. Адылов финансылык трейдерлердин үстүнөн байкоо салуучу системаны иштеп чыгып, аны “behavioral operating system” – “жүрүм-турумдук операциялык система” деп атаган. Бул системаны Уолл Стриттеги ири банктар, хедж фонддор жана жеке инвесторлор колдонот.
Эркин Адылов тууралуу 15 факты:
1. Эркин Адылов жердиги боюнча Ысык-Көлдөн болот.
2. Элнура аттуу эжеси жана Нурлан аттуу агасы бар.
3. Үй-бүлөлүү. Жубайы Нодира Иноятова экөө бир убактарда ЖРТде администратор болуп чогуу иштешкен.
4. Каракол шаарындагы В. И. Ленин атындагы №1 мектепти “экстерн” менен бүткөн. Мектепте жалаң “5”ке окуган.
5. 16 жашында FLEX программасынын алкагында грант утуп алып, Гавайи штатында окуп келүү мүмкүнчүлүгүн алган.
6. Уулун Америкага жөнөтүү үчүн ата-энеси үйүн сатып, 2 300$га учак билетин сатып беришкен.
7. Америкада окуп жүргөндө өзүн багуу үчүн бир эмес төрт жерде иштеген.
8. Белгилүү банкир жана инвестициялык менеджер Клинтон Бидвелдин бакчасында дагы багбан болуп иштеген.
9. Ошол жерден Бидвел Эркиндин жөндөмүн байкап, өзүнө ассистент кылып алган. Ушул жолугушуу каарманыбыздын тагдырын түп тамырынан өзгөрткөн.
10. Эркин Адылов Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү.
11. 2014-жылы Лондондо Behavox компаниясын негиздеп, ошол жылы Улуу Британиянын жарандыгын алган.
12. 2017-жылы Эркин командасы менен финансы тармагында трейдерлерди жана кызматкерлерди көзөмөлдөөчү системаны иштеп чыгышкан. Бул тууралуу ал Bloomberg телеканалына берген маегинде айткан. Бул система кызматкердин кеңседеги жүрүм-турумун анализдөө үчүн жасалма интеллект технологиясын колдонот.
13. Адылов өзүнүн компаниясын негиздегенге чейин дүйнөдөгү эң ири инвестициялык банктардын бири, финансылык конгломерат Goldman Sachs Group Inc’де финансы талдоочу болуп эмгектенген.
14. 2013-жылы Орусиядагы эң кымбат интернет-компаниялардын бири Skyeng’ге 30 000$ өлчөмүндө инвестиция кылган. Skyeng’дин учурдагы наркы 109 миллион долларга бааланууда.
15. Эркин тууралуу Forbes.com, Bloomberg сыяктуу дүйнөлүк ири басылмалар жазып чыккан.
Limon.KG