Москвада таксист болуп иштеген мекендешибиз кемпирди алдамчылардан сактап калды (видео)

0

Москвада таксист болуп иштеген мекендешибиз кемпирди алдамчылардын чеңгелинен сактап калды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарап жатат.

Видеонун авторунун маалыматына караганда, ушул жылдын 5-май күнү таксист болуп иштеген мекендешибизге заказ түшкөн. Ага белгисиз бирөөлөр телефон чалып, бир дарекке барып, ошол жерде күтүп турган аялга жолугуп, телефонду ага берүүнү айтышкан.

Таксист жигит айтылган дарекке барып, күтүп турган кемпирге телефонду берген. Телефондун ары жагындагы адам ал аялдын небересимин деп, ооруп жатканын, анализ тапшыруу үчүн ал кемпирден 25 миң рубль акча берүүсүн талап кылган. Кемпир болсо, акча талап кылып жаткан адамдын үнү небересиникине окшош эместигин айтканда, ал ооруп жаткандыктан үнү башкача чыгып жатканын айткан. Кемпир болсо, акыркы акчасын берген.

Таксистке белгисиз адамдар кайрадан телефон чалып, заказ аткаруу 300 рубль болгонуна карабай, ага 2 миң рубль алып калып, калганын сбербанктан которуп коюшун айтышкан. Ошондо, таксист аялдын алдамчыларга алданып жатканын байкап, ага түшүндүргөн да, акчасын кайрып берип, аны алдамчылардын тузагынан сактап калган.

Булак Барс медиа

Get real time updates directly on you device, subscribe now.