Бул туурасында, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
«Нарын облусунда 12-майга карата акыры бир суткада 7 адамдан вирус аныкталды. Анын ичинен алтоо облустук төрөт үйүнүн кызматкерлери экени тастыкталды. Кайдыгерлик мамиледен улам төрөт үйүнүн кызматкерлери вирус жуктуруп алышты окшойт», — деп билдирди Үсөнбаев.
Нарын облусунда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 136 адам.
Sign in