ОШТО КОРТЕЖДИН ҮРӨЙ УЧУРГАН КЫРСЫГЫНАН ТӨРТ БАЛА ЖАБЫРКАДЫ (ВИДЕО)

0

«КамАЗ» менен сүзүшкөн «Мерседес-Бенц Гелендваген G400» унаасын 20 жаштагы Ош шаарынын тургуну башкарып бара жаткан.

Жол кырсык 21-август күнү Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында болгон. Анда үлпөт тойдун кортежи көчөлөрдүн биринде жол кыймылынын эрежелерин бузуп, зигзаг түрдө ары-бери айдоону чечишкен. Бирок, кара түстөгү “Гелендвагендин” айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгүнүн астына кирип кеткен.

Ал эми «КамАЗды» 1983-жылы туулган Ош шаарынын Ж.Ш. аттуу тургуну айдап бара жаткан.

Жол кырсыктын натыйжасында, «Гелендвагендеги»: айдоочу 2000-ж.т. С. Н., жүргүнчү 2000-ж.т.М. Ш., Ош шаарынын тургуну 2002-ж.т. К.С., Ош шаарынын жашоочусу 2006-ж.т. А.З. ооруканага жаткырылды.

Аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертиза дайындалды.

Булак Элдик Медиа

Get real time updates directly on you device, subscribe now.