Мага бүгүн дем алыш. Москвада иштегениме сегиз жыл болду. Сегиз жылда кандай гана тагдырды көрбөдүм, кандай тагдырларга күбө болбодум. Азыр да таң калып келем, адам баласынын башына ар кандай нерселер келет тура. Ар нерсени ойлонуп жатып метродон чыгып калдым, бет маңдай чыккан эже башын ийкеп өттү. Ким эле деп артымы карасам ал да мени карап баратат мен да башымды ийкеп койдум. Ичимен күлдүм, мен да бияка жаңы келгенде кыргыздар көзүмө жакшы көрүнүп учураша берчүмүн. Өзүм дүкөндө иштесем да кемпир-чал багып иштеген кыз-келиндердин тайпасына кирип алдым. Ал жакта элүүдөн ашкан, жетимишке таяп калган эжелер да иштешет. Кошулган күндөн баштап мага аябай жакты, эң жөнөкөй, тамашакөй, эң башкасы жети дубандан келгендер бар. Кечинде жумуштан келип алып, радио уккандай угам, күлкүлүү нерселер болсо күлөм. Жанымдагылар карап калат. Биз менен жашаган Жаркын эже бир кезде мен да кемпир багып иштегем деп сөз баштады. «2007- жылы оор эле жыл болчу жашоо кыйындап бараткан. Мен айылда эле үч баламды бир уй саап багып келгем, акыры башка иш кылыш керек болду. Улуу жеңем соодага чыгып жакшы болуп кетти. Мен да соодага өтсөм кантет деп кеңеш сурасам, көбүрөөк акча менен башта деди. Ал кезде элдер финкадан көп алчу, мен да алдым. Соодам жакшы болуп баштады, бирок көпкө чейин эмес. Айылда көбү эле карызга алып артка кеттим, кредит жабылбай карызга батып кеттим. Анын ордун жабыш керек болуп башка аялдан акча алдым күрөөгө үйдү койдум. Ага да бере албай сазга сорулгандай сорулуп бараттым. Акча алган аял да күндө эшигимди теше баштады. Акыры айлам кетип Россияга иштегени кетип калдым, келер замат көчөдө акча жатпайт да акча салалбай жүрдүм. Ошентип үйүмдү алдырып ийдим, күйөөм бирөөнүн каралбай калган үйүн сурап көчүп барышты. Өзүм биякта ичкеним ириң болуп араң жүрсөм, кайненем чалып алып ар кайсыны айтып көңүлүмдү оорутту. Ал аз келгенсип кайнагам чалат, балдарыма да жамандап атып эч кимиси чалбай калган. Үй алгыча барбай иштейм деп беш жыл иштедим. Эми үйгө барганга кичине иштеп алып барайын деп, балдарыма чалып эмне алып барайын десем. Улуу балам бизди эми эстедиңизби деп кагып сүйлөшкүсү келбеди. Кайненем болсо эми келбей эле кой деп көп сөздөрдү айтты. Мен үчүн үйүмдүн эшиги жабык болду. Менин ушуга чейин жанымды жерге уруп иштегенимди эч ким билбеди. Бир бөлмөдө 9киши жашайбыз, алтыда туруп бир аптека, бир дүкөн жууйм, кийин подъезд тазалайм, кечинде да бир жерди жууп келем. Үйгө кетем деген ойум ойрон болуп отуруп калдым. Мен эч кимге керегим жоктоймун, апам жок, болсо да сураар кишим болот беле. Бир туугандар ар кимиси өз жолу менен. Ар ай сайын экиден сумка салчумун балдарыма деп. Күйөөм деле кел дебейт, мен акча салып турган банкомат сыяктуумун. Акчаны салбай койдум, телефонду өчүрдүм, өзүм менен өзүм болуп өзүнчө аралга окшодум. Мен минтип кеткенимди эч ким билген жок, анан да бул жакта ким менен кимдин иши бар. Баары тең көр оокат деп жүрүшөт, эрте кетиштиби, кеч келип жатып калышат. Жумушта Ира деген аял бар ал экөөбүз кечинде эс алып ичкенди адат кыла баштадым. Экөөбүз ичсек, ичим ысып ичимдеги кайгымды, мээмди жеп жүргөн ойумду ээритип салгандай болду. Денем жылып, болгон ойумду ичимдеги сырымды Ирага айтып ыйлап бугумду чыгарып алдым. Бир күнү Дарика деген эже биз жактан болот мен үй-бүлөң жөнүндө билип берем деди. Мени болсо ушинтип жүрө бербей, өзүңө кел, деп катып калган жүрөгүмдү жумшартып сүйлөп жатты. Быйыл үйүмөн кеткениме он жыл болду, мага жакшы сүйлөп турган Дарика эжени жакын көрдүм. Жакшы сөз жан эргитет дегендей. Ал эже менин үй-бүлөмдү, үйүмдүн сыртынан тартып жиберди, кызым 11-классты бүтмөк. Убакыттын өткөнүн билбей иштеп жүрө бериптирмин, үй-бүлөдө бар же жок эмесмин» — деп үшкүрүп сөзүн бүтүрдү. Эртеден бери угуп отуруп эмне дееримди билбей калдым. Же соороторумду же көңүл айтарымды билбей калдым. Андан да кызыгы кайнагамдын уулу үйлөнгөн сүрөтүн жөнөтүшкөн, чай ичип отуруп көрсөтсөм сулуу келин экен деп карап эле калган көрсө ошол келин ушу Жаркын эженин кызы экен. Апасы Москвага кетип келбей койуптур деп да айткам, кайдан билдим. Карап отуруп көзүнө жаш алып ыйлап калган. Кызын эстеп ыйлап жатса керек деп калгам. Телефондон көрүп таанып ошондон бери ойуна бүлүк салып келиптир. Менден сурап калчу ага деле маани бербептирмин. Бүгүн ачылып айтып берип отурат. Ал келин кыз төрөгөн, мына неберең деп сүрөтүн көрсөтсөм, өпкөсү көөп аябай ыйлады. Аны көрүп мен ыйладым. Байкуш аял зат ушундай жаралыптыр да, бул жашоонун ысыгына күйүп суугуна тоңуп чыдап келе берип. Мен эми ушу эжени үйүнө барып, эч ким алмаштыргыс ордун тапса экен дейм. Жаш кезде мээнеттенип иштесе, карыганда дөөлөтүн көрсүн деп тилейм. Күйөөсүнүн, балдарынын жүрөгүндө кантип алакандай жер калбасын. Аялзаты үй-бүлөсү менен болуп, аман болсунчу, айылда калган кызымды бозоруп күтүп жүргөнүн эстесем жүрөгүм тилинет. Аман болгула эл жеринен алыс, иштеп жүргөн апалар, эжелер, курдаштар, сиңдилер.
Osmon.media
Румо. 16.03.20