Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларына ок чыгарган (видео)

0

 Бүгүн, 8-майда Баткен облусунун Тажикстан менен чек арасында курал колдонуу менен катталган окуя боюнча Баткен облусунун жетекчиси Алишер Абдрахманов Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода акыркы 2 сааттын ичинде телефон аркылуу 3 ирет сүйлөштү. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилиги кабарлады.

Маалым болгондой, тараптар кырдаалды жөнгө салуу, чыр-чатактын күчөп кетүүсүнө жол бербөө, жергиликтүү элге зыян келтирбөө менен коопсуздукту сактоо боюнча сүйлөшүп, жакынкы аралыктарда жолугушууну макулдашты. Облус башчыларынын тапшырмасы менен Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын биринчи орун басарларынын деңгээлинде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт -Көчө участкасында сүйлөшүү башталууда. Сүйлөшүүгө эки тараптан Чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын облустагы жетекчилери да катышууда.

Чатак учурунда Кыргызстандын 3 чек арачысы, жергиликтүү 1 тургун жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
 Окуя тууралуу

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Баткен районунун Чек аймагында аталган жерге тиешелүү болгон 50 сотых жерди талашып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулардын ортосунда чыр-чатак чыккан.

«Аталган жер такталбаган аймакта болуп, бирок бул жерди кыргыз тарап пайдаланып келген. Кыргызстан тараптан 30-40тай жаран, Тажикстандан 30-40тай жаран бири-бирине таш ыргытып, алдын ала алынган маалыматтарга караганда Кыргызстандын бир жараны башынан жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атуулар болду. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетишин алдын алуу максатында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн.

Буга чейин эки өлкөнүн чектеш аймакта жайгашкан жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттук ок чыгарган. Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор деп мүнөздөлөт», — деп айтылат маалыматта.

Булак Турмуш кж

Get real time updates directly on you device, subscribe now.