Самалетко отуруп чындап эле үйгө кетип жатамбы, ооох деп терең дем алып алдым. Мен өзүм Москвага келгениме беш ай болду, Бишкекте эле иштечүмүн. Группалаш кызым ушул жакта көп жылдан бери кемпир багып иштейт, келсең сен да иштеп аласың жакшы төлөйт деп азгырды. Чынында эле мед айым болуп иштеп жарытылуу акча албайм, анын үстүнө бирөөгө ортомчу болуп акча алып берип койуп, карызды мен төлөшүм керек болуп калды. Айла жок барып иштемей болдум. Бирок эч жака чыккан эмесмин, дос кызыма ишенип келмей болдум. Жол киремди дайындап, документимди иреттеп келип калдым. Дос кызым тосуп алды документимди бүтүргөнү берип койдум. Эми иштейм деп турганда карантин башталды. Ал аз келгенсип досум баккан кемпир да өлүп калды. Мен анын үйүндө болчумун, экөөбүз бир квартирага бардык, бир бөлмөдө жети аял жашайбыз,, мындайды көрбөгөн жаным аябай жүдөп кеттим. Кечинде мага жумуш таап келди 84гү кемпир экен. Макул болуп эртеси бардым. Экөөбүз эле жашайт экенбиз.
Кемпир акыл эси ордунда эмес экен бирок жоош, бергениңди жеп алаарын билдим. Жашаган үйүн көрүп айран таң калдым, так Москванын ортосунда жашап ушундайды көргөн эмесмин. Байкуш кемпир каралбай эле калыптыр, кайагынан баштаарымды билбей башым маң. Биринчи өзүм жатчу бөлмөнү жыйнайын дедим. Чаң соргучун иштетсем жакшы сорбойт, ичин ачсам мышыгынын жүнү кийиз болуп толуп калыптыр. Жакшылап тазаласам зуулдап иштеп калды кечинде араң бүттүм, терезени эртеңкиге калтырдым. Киринен көрүнбөй калыптыр. Саатты карасам түнкү эки болуп кетиптир. Үйдүн ичи заара сасып кеткен. Эртеси кемпир жаткан бөлмөдөн баштадым, үстөлдүн үстү, дивандын асты бүт эле сийген шейшепке толуп кеткен. Ыргытчусун ыргытып, жууганын машинкага салып болдум. Кемпирди тургузсам көзүн алаңдатып, колу менен бетин басып жалтанат. Уруп көп запкы жеген окшойт деп, акырын сүйлөп ваннага алпардым. Токсон кабат кийим кийип алыптыр, бирөө да бүтүн эмес, жеңи же боору жыртык. Эптеп алдап отуруп чечинтсем сөөгү менен эле териси калыптыр. Баладай кылып көтөрүп сууга салып киринттим. Чыгарсам алы жок эки жака термелет, ушул абалга жеткирген баласына наалат айттым. Жаткан жери сийе берип чирип ойулуп кетиптир, ал жерге шейшепти тоголоктоп тыгылуу экен. Жатса оңтойсуз болсо керек, ошого баш жагына чыгып кетет окшойт. Мен жаткан бөлмөдө креслонун паралонун чыгарып келип салсам дал келди, жаңы шейшеп салып, кемпирди тырмак башын алып жаткырып койдум. Кайнатма шорпо кылып берсем алка шалка тер кетти, аябай эле начар болуп кеткен экен,жаш баладай болуп уйкуга кетти. Аны уктатып койуп түн бир оокумга чейин кийимдерин иреттедим. Эртең менен турсам кемпир кыймылдабайт, балее болуп өлүп калдыбы дедим, тыңшасам дем алып жатат. Көрсө сууга түшүп, ысык тамак ичкенге аябай уктаптыр, саат 11де турду. Көрсө байкуш кемпир көтөрүм болуп калыптыр да. Эртеси да жакшылап тамак бере баштадым, көзү жылтырап кичине нурлуу болуп калды. Бир убакта бир бөлүмдү башкарган кыйын врач болгон экен, эми минтип балдарына кор болуп каралбай отурат. Орустар да деп койом. Ошентип күндө бир жерин жууп тазалап, иретке келтире баштадым. Кемпир ооруган кезде кагаздарды айрып ар кайсы жерге ката берет экен, 4кап мусор чыгардым. Дарысын убагында берип, тамагы да оңолуп калганга кемпир өзү басып, сүйлөшүп оңолуп калды. Кызы келип үйдү көрүп аябай таң калды, ага өзүнчө 15миң рубль берди. Бир күнү кемпир кечки тамагын ичип бүтүп кайра кайра рахмат айтат, эмне коштошуп жатасыңбы десем күлүп койду. Стенканын бир көзүндө турган кутуну алып берчи деди, алып берсем ичинен ак көздүү шакекти алып берди да мага берди. Тагынсаң тагын, же сатып акча кылып ал деди. Карасам жөнөкөй эле шакектей, ыраазы болуп эмне берерин билбей жатса керек дедим да чөнтөгүмө салып рахмат деп койдум. Эртеси эртең менен кашасын жасап койуп келсем тура элек, өзүм кофе ичип ойготойун десем уктап жатат. Жакын келсем оозу кичине ачылып калган, колун кармасам муздап калыптыр, жүрөк согуусу жок. Мындайды далай көрсөм да жүрөгүм шуу дей түштү. Кызына чалдым алар келип, полиция, тез жардам чакыртты. Алары келип жазып кара пакетке салып алып кетти. Ыйлаган деле киши жок аларга караганда мен бир сыйра ыйлап алдым. Дагы жумушу жок калдым, жумуш тапкыча жашай бер дешти бирок өзүм калгым келбей койду. Эртеси дагы бир жумуш чыгып кетип калдым. Шаардын четинде экен 92ги чал, таптакыр сүйлөбөйт, ал деле аз калыптыр 12күн жашап аным да кете берди. Айлам кетти, карантинде баары үйдө иш жок кыжалат болдум. Үйдөн чыкпай отура берип да тажадым. Эшиктин алдына чыгып дем алайынчы дедим. Эшикте отурсам биздин алдыбызда бир кемпир жашайт чыкпайт ошону менен сүйлөшүп көр дешти. Көтөрүлүп барып званогун бассам көптө ачты араң баскан кемпир экен. Балам келсин деп телефонумду алып калды. Кечинде баласы чалды барсам акчаны бычышып, сүйлөштүк да келе бер деди. Бир бөлмөдө ал бирөөндө мен жатмай болдум. Үйүндө баалуу сүрөттөр, иконалары, карапалар бар экен баарын бир бөлмөгө киргизип сал дедим. Эртеңки күнүмдөн корктум. Ал да макул болуп баалуу дегендерин баарын киргизип жаткан. Бир кезде илгерки тигүүчү кол машинени чыгарып койуптур. Карасам 37-жылкы экен кемпирдин апасыныкы окшойт, баласы ыргытыш керек десе кемпир алып калды апамдыкы деп. Карасам темири калын жакшы экен, алам десең ала бер деди. Алып үстөлдүн астына киргизип койдум, шарты келсе үйгө салам деп. Ошентип ал кемпирди да үйүн да жаркыратып тазалап койдум. Үч бөлмөлүү үйүн баарысы менен калтырып жатса да небереси кабар алып койбойт. Кызы да келбейт тамак ашка акча которуп койуп эле болду. Булардын карылары көбүнчө эле сууктап тамактан эле өксүү болуп калат окшойт. Этти эзилте бышырып жакшылап тамак кылып берип жатып, тамды кармап баскан кемпир тыңып калды. Бир айдан өтүп калганда кемпир көп ооруй турган болду, жүрөгүндө бар экен. Тез тез эле тез жардам чакырчу болдук. Эртең менен эле 9да чакырганбыз азыр да саат 2де чакырдык, келген кезде кемпир оо дүйнөгө аттанып кетти. Менин кайгым эле жумуш. Дос кызыма бул дагы өлүп калды десем,андайлар далайы башынан өткөргөн, эмки кемпириндин аттын Токтокан койолу — деп күлөт, айла жок мен да күлдүм. Кийимимди, машинканы алып кетейин десем, баласы каалаганыңды ал баари бир мунун баары ыргытылат дейт. Куураган кемпир ала бериптир дасторкон, майлык, шейшептер, идиштер бир да пайдаланбаган бойдон. Наркы жазылган кагазындагы жылдарын көрүп таң калдым 78-74-82- 86жылкы деп жазылып жүрөт. Ач көздөнүп алып 6чоң сумка болду. Чогуу жашагандарды да жыргаттым. Эртеси үйдү бошотуш керек болуп салып жибердим апама, кайненеме, абысыныма баарынын көңүлүн алдым. Үйдө жалгыз калдым машинка кандай иштейт көрөйүн дедим, кухняга алып келип тигип көрсөм жибин үзө берди. Ачып көрөйүн десем ачылбайт тырмалап жатып бекиткичин таап алдым. Ачып алып Аллам оозуман түшүп отуруп калдым. Элүү миң рублдан, сегиз танылчак бар экен. Ар бирин өз өзүнчө ак чүпүрөккө ороп койуптур. Ошондо 400миң рубль. Өзүмө келе албай бир саамга делдейип отурдум. Жыйнап койуп ууру кылгандай болуп тынч отура албайм. Бир убакта эшик кагылса чочуп кеттим, ачсам кемпирдин небереси рахматын айтып дагы бир айдыкын кошуп акчамды берип кетип калды, андан бетер кыжалат болдум. Айтыш керек беле деп, досум келгенде ага айтсам тарс тарс жүргөн неме эмнеге айтасың, кемпир бердиби болду бул сеники, карызыңдан кутулуп каласың десе анан өзүмө келдим. Досума 10миң бердим, чогуу жашагандарга эт аш алып келдим, 20жаштагы бир жаш бала жумушу жок батирди төлөй албай жаткан ага эки айын төлөп койдум. Байкуш бала кайра кайра рахмат айтат. Үйгө кетмей болдум,ушул баланын таанышы аркылуу. Өзүм ишенбей турдум, кудайдын боору ооруду окшойт сага улам бирөөнү узата берсең деп баягы досум күлдүрөт. Чындап мага боор ооруду бул акчаны дагы канча иштеп табат элем, кудайыма миң мерттебе шүгүр кылам. Кетеер күнү эт салып коштошуу кылдым, баары жакшы каалоолорун айтып узатып жатышты. Олжолуу тиккен машинамды артыман салып жибермей болду. Баягы биринчи кемпирим берген шакек баалуу болуп чыкты өткөрсөм 32миң 667рубль болду. Ошентип билет колума тийип, самолётко отурганда оох дедим — чындап кетип баратам деп сүйүнүп, жанымда Кыргызстанга бараткан эже жобурап айтып берди. Ушинтип үй-бүлөсүн багам деп жүргөн эже-сиңдилер, курбулар, аман болуңуздар, ден соолук жана бактылуу карылык каалап, сиздерди урматтап Румо. Москва шаары
Osmon.Media