Каза болуп калды деген байбиче моргдон тирүү чыккан. Бул тууралуу россия 24 сайты жазып чыкты. Маалыматта, Курскийде каза болду делген бейтап моргодон эсине келген. Аны кызматкерлер тезинен ооруканага которушкан. Катуу коркуп калган байбиче бир жумадан кийин каза болуп калган. 13-августа 81-жаштагы Зинаида Кононованы ичи катуу ооруп ооруканага тез жардам менен жеткиришкен. Операция учурунда байбиченин ичинен залалдуу шишик экенин билишкен. Операция ийгиликтүү аяктап, бейтапты жандандыруу бөлүмүнө которушат. Түнкү нөөмөттөгү медайым бейтаптын абалын билгени кирип, анын колдору муздап, жүрөгү токтоп калганын байкаган. Ооруканадан байбиче келбес жайга узаганын жакындарына билдиришип, алар чоң энесин жерге берүүгө даярдык көрүп табытынан бери буюрма берип сатып алышкан. Бир күндөн кийин дарыгерлер байбиченин жакындарына телефон чалып чоң апасынын тирилгенин айтышкан. Ишенбей жетип келишкен неберелери чын эле байбичени тирүү көрүшкөн. Бир жумадан кийин катуу коркуп калган байбиче тиги дүйнөгө узап кеткен.