Өлкөбүздө коранавирустан он экинчи адам каза болду

0

Өткөн сутка ичинде Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунун оор формасынан 67 жаштагы 1 аял каза болду.

“Анда ошондой эле эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап порталдык гипертензиясы менен боордун циррозунан жана эксудативдик плевриттен жабыр тарткан,” – деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 12 киши көз жумду.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.