Өмүрбек Бабанов убада кылган 100 миллион сомду бюджетке которду

0

Өмүрбек Бабанов 2017-жылын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодон кийин эки жылга жакын Орусияда жүрүүгө аргасыз болгон. Ал Бишкекке 2019-жылы 9-августунда кайтып келген. (Фото «Манас» аэропортунан).
Бөлүшүңүз
Пикирлерди көрүңүз

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 29-мартта бюджетти колдоо боюнча депозиттик эсепке 100 млн. сом которду. Маалыматты Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматынын адиси Жоомарт Шайдылдаев ырастады.

Анын сөзүнө караганда, 5-апрелге карата депозиттик эсептен 727 млн. 219 миң сом Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган 100 миң сомго чейин насыя алган адамдардын карызын жабууга жумшалды. 5-апрелдеги маалымат боюнча бул эсепте 1 млрд. 43 млн. 395 миң сом бар.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-январындагы №8 токтому бар. Анын негизинде эсепке түшкөн каражат качан, кайсы багытка, эмнеге коротуларын өкмөт чечет», — деди Шайдылдаев.

24-мартта Өмүрбек Бабановго козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулганы белгилүү болгон. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен казынага 100 млн. сом берүүнү убада кылган.

Бабановго каршы иштерди тергеген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок болгондуктан иш жабылганын билдирген.

Айрым саясат талдоочулар менен «Кыргызстан» банкына байланыштуу Өмүрбек Бабановго доо коюп келаткан укук коргоочу Калича Умуралиева муну саясий соодалашуу катара баалаган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.