Өзбекстандын президенти май айынын аягында Кыргызстанга келет

0

Садыр Жапаров Өзбекстан премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Өзбекстан Кыргызстандын абдан маанилүү тышкы саясий жана стратегиялык өнөктөшү экенин ырастады. Эки боордош элди көп кылымдык достук жана жакшы коңшулук байланыштары, жалпы тарыхы, маданиятынын, каада-салттарынын, тилинин жана руханий баалуулуктарынын жакындыгы байланыштырып турат.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Өзбекстан менен мамлекеттер аралык мамилелерди жана көп кырдуу кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүнү жактады.

Мамлекет башчысы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында күтүлүп жаткан жооп сапарын канааттануу менен белгилеп, жогорку деңгээлдеги кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү боордош өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өз ара кызматташтыктын бардык тармактарында өнүгүүнүн кезектеги сапаттык жаңы деңгээлине чыгарарына ишенимин билдирди.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.