0
Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын дарыгери Майрам Чомуева ичеги-карын оорулары жай мезгилинде көп кездешерин айтты.
Мөмө-жемишти жуубай жесе ичеги-карын ооруларына алып келет. Бул тууралуу Майрам Чомуева Cпутник Кыргызстанга маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ысыкта тамак-аш дагы бат бузулуп, уулангандар көп катталат.
«Ичеги-карын оорулары төрт мезгилде тең учураганы менен жай мезгилинде күчөйт. Ушул июнь айынан баштап көп каттала баштайт. Мөмө-жемиш бышып, аларды жуубай жегенде ичеги-карын оорулары пайда болот. Негизи ичеги-карын оорулары кир колдун оорусу деп айтылат. Мындан сырткары, жайында тамак-аш бат бузулат. Жайкы ысыкта муздаткычта туруп деле бузулуп калышы мүмкүн. Айрыкча бул мезгилде коомдук тамактануучу жайларда шам-шум эткенден сак болуу керек. Бузулган тамактан уулангандардын көбөйүшү да жай мезгилине туура келет», — деди Чомуева.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.