25 жаштагы жигит күтүүсүздөн каза болду

0

Тоң районунда 25 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу Turmush  басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар билдирген.

Маалыматты Тоң райондук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Окуя, кечээ, 12-майда Көл-Төр айылынын түндүк тарабындагы 2 чакырым алыста жайгашкан Саз участкасында болгон. Маркум эки айылдашы менен бирге мал кайтарып жүргөн. Саат 16:00 чамасында жаан жаап баштап, маркум А. уулу Э.ге жана ал минип жүргөн эшекке чагылган тийген. Маркум окуя болгон жерден каза болгон. Ошондой эле минип жүргөн эшеги да өлгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум төш чөнтөгүнө уюлдук телефонун салып жүргөн.

А. уулу Э. бойдок, 6 бир туугандын эң кичүүсү болчу. Атасы каза болуп калган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.