Асел Кадырбекова: «Биз миң урушсак да Нурлан кызымдын атасы бойдон калат”

0

Ырчы Асель Кадырбекова кызынын туулган күнү экенин айтып, “биз Нурлан экөөбүз канча урушсак да ал кызымдын атасы бойдон калат” деди. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасына жарыяланды.

“Бүгүн, 27-март кызым Дариянын туулган күнү. Кудайымдан кызымдын ден-соолугун, аман-эсен чоңоюушун сурайм. Кызым акылдуу, ыймандуу, эстүү кыздардан болсун. Артынан ини, сиңдилерди ээрчитип келген кыз болсун”, — деп жазды.

Ырчы кыздын бул постунун алдына күйөрмандары Нурлан экөөңөр кайра табышкан окшойсуңар, ини, сиңди ээрчитип келген кыз болсун” деп жазып калытырсыз деп суроо салышты.

Ырчы бул суроого “биз миң урушсак да Нурлан кызымдын атасы бойдон калат” деп жооп узатты

Get real time updates directly on you device, subscribe now.