Кийинки жылы эң төмөн айлык алган мамлекеттик кызматкерлердин гана айлыгы көтөрүлөт.
Бул тууралуу Акылбек Жапаров депутат Айбек Алтынбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Эл өкүлү «2024-2025-жылы бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйөбү» деген суроо узаткан.
“Көбөйбөйт, биз жакшы эле көбөйттүк. Азыр колунда жокторго жиберебиз. Эң аз алып жаткандарды көтөрүш керек, муну Садыр Нургожоевич принцип катары мага айтты. 7 миң сом алып жаткан мамлекеттик кызматкер болсо, анысын көтөргүлө деди. Бирок 70 миң алып жатканды кичине кое турсун деди. Эң төмөн айлык алып жаткандардын баарын карап чыгабыз”, — деди өкмөт башчы.