Электрондук акчаны мураска калтыруу каралууда

0
Өлкөдө электрондук акчаны мураска калтыруу маселесин жөнгө салуу пландалып жатат. Бул маселени караган мыйзам долбоорун өкмөт Жогорку Кеңешке жөнөттү.
Эгерде документ кабыл алынса бир нече мыйзамга өзгөртүүлөр кирет. Аталган кадам электрондук капчыктарды (мобилдик тиркемелердегилерди) мүлк катары караса, анда мурска калтыруу шартталат.
Бүгүнкү мыйзамдарда кокустан ээси каза болуп калса, мындай түрдө сакталган акчаларды мурастоо каралган эмес. Мындан улам аталган маселени банктар ар түрдүү кылып чечип келишет.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.