Президент Садыр Жапаров 9-майда Москвадагы парадга катышат

0

Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мааракелик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышуу үчүн Орусияга барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирген.

“Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана “2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын ичинде бир жагынан ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер, экинчи жагынан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда, товарлардын жасалган жерин сертификациялоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында маалыматтарды электрондук алмашуу жөнүндө Протоколдун долбоорун жактыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары “Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл” медалын уюштуруу планда турат”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.