Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси депутат болду

0
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Максат Алымбековду Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. Ал Чүйдүн Аламүдүн районудагы №20 шайлоо округунан шайланып, кийин мандатын тапшырган Темирлан Айтиевдин ордуна келет.
2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аталган округдан 9 021 добуш менен биринчи болуп келген 26 жаштагы Айтиев 12-майда өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Анын алдында атасы Тынычбек Айтиев шылуундукка айыпталып кармалганы кабарланган болчу. Депутат мандатын тапшыргандын эртеси атасы 15-июнга чейин үй камагына чыгарылган.
42 жаштагы Алымбеков 2 867 добуш менен үчүнчү сапты ээлеген. Ал Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 2017-2021-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси болгон. 2021-жылдан тартып Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, «Ынтымак» фракциясынын лидери.
Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин коомдук кеңешчиси кызматын аткарып келген.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.