Борбор калаабыз Бишкек чоңойду. Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылыда Бишкек шаарына кошулуп отурат. Борборубузда буга чейин төрт район бар эле Первомайский, Свердловский, Октябрьский, Ленинский. Ушул төрт районду кыргыз ысымдарына которолу деген сунуштар маал, маалы менен көтөрүлүп турат. Бирок кандай көтөрүлсө ошондой эле жалп өчөт, албетте Кремлден келген нота, билдирүүлөр, чалуулардын негизинде бул идеялар ишке ашпайт. Менин акыркы байкашымча СССРден калган эстелик болсун деген кыязда болду окшойт.
Ошол мезгилдин, ошол доордун союздук деңгээлде баркталбай , даңткалбай калган баатыры Чолпонбай Түлөбердиев жөнүндө азын оолак кеп таштайын дедим эле. Чолпонбайдан кийин төшүн дзотко тоскон ( Ч. Түлөбердиев 6 август 1942ж — А. Матросов 27 февраль 1943ж ) А. Матросов жөнүндө ошол мезгилде кино тартылып СССРдин деңгээлинде баркталып, даңкталды. Ал эми биздин башчыларыбыз Ч. Түлөбердиевге союз мезгилинде чакан көчөгө ысымын беришсе, эгемендик алгангабызга отуз жылдын тегереги болгондо ошол көчөнүн тушундагы паркты оңдоп түзөп эстелигин тургузуп берди. Бирок Чолпонбай Түлөбердиев союзду айтпаганда республикалык деңгээлде даңкталып айтылчу, жазылчу баатырыбыз.
Мээрияга, Президентке кайрылуу, сунуш иретинде Борборубузда кошулуп жаткан Новопавловка айылы аймагына Чолпонбай Түлөбердиев баатырыбыздын ысымын ыйгаралы!
Данияр БУСУРМАНАЛЫ