ЭлТР делегациясынын Сычуаньдагы тажрыйба топтогон сапары

0

2026-жылдын май айынын акыркы жумасында ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы директорунун орун басары Нуркамал Асканованын жетекчилигиндеги делегация Сычуань провинциясында болуп, аталган корпорациянын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле кыргыз жана кытай жаштарынын катышуусунда өткөн маданий-гуманитардык иш-чараларга катышып келишти.

Программанын алкагында материалдык эмес маданий мурастарды сактоо, экологиялык билимди өнүктүрүү, жаратылышты коргоо, биоартүрдүүлүктү сактоо жана экосистемаларды изилдөө маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү. Катышуучулар үчүн бир катар таанып-билүүчү экскурсиялар уюштурулуп, дүйнөлүк жаратылыш мурастары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Сапардын өзгөчө бөлүктөрүнүн бири дүйнөдөгү эң байыркы дамбасыз сугат системаларынын бири менен таанышуу, Сычуандын символу болгон пандаларды көрүү, Кытайдагы аз сандуу улуттардын тарыхы жана маданияты тууралуу маалымат алуу, ошондой эле Жоэргай саздак аймагындагы сейрек кездешүүчү жаныбарлар жашаган корукка баруу болду.

Иш-чаранын жыйынтыгында кыргыз жана кытай жаштарынын катышуусунда достукту, маданий жакындыкты жана жаратылышты коргоо жаатындагы биргелешкен жоопкерчиликти даңазалаган концерт уюштурулду. Кыргызстандын символу болгон Ак илбирс менен Сычуандын сыймыгы саналган Панданын образдары эки элдин жаштарынын жаратылышты сактоого болгон орток умтулуусун чагылдырган маанилүү символ катары көрсөтүлдү.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.